Сахалинде этникалык ресторан ачуу, кыргыздын тамак-ашы жана маданияты менен таанышуу









Айнура Мукашева

Төрт баланын энеси Айнур Мукашева Сахалинде ар бир адам Кыргызстандын даамдары жана маданий мурастарынын байлыгы менен тааныша ала турган этникалык ресторан ачуу менен түрдүү маданияттар ортосундагы чыныгы көпүрө болуп калды.

Сахалинге жол

Айнура үй-бүлөсү менен Сахалин аралына жашоо шартын жакшыртууну көздөп келгенине 12 жыл болду. Бирок, жашоо шарты өзгөргөнүнө карабастан, ал жолдошу менен андан ары барып, уникалдуу – кыргыз этникалык ресторанын түзүүнү чечишкен.
Боз үйдөн этникалык ресторанга чейин


Адегенде Айнура жолдошу менен «Боз үйдү» курууга киришти – бул алардын өз маданиятын мекенинен алыс жерде сактап калууга болгон чечкиндүүлүгүнүн символу. Алар жергиликтүү улуттук ассамблеянын көңүлүн бурганда, аларды ассамблея чакырып, Сахалин аралынын бай, маданий коомунун бир бөлүгү болуп калышты.

Айнура үй-бүлөсү менен Кыргызстанды жана анын бай маданиятын чагылдырып, чоң көргөзмөлөрдү кыдырып, ар кандай маданий иш-чараларга катыша башташты. Алар аймактын диаспорасынын ажырагыс бөлүгү болуп, маданий байланыштарын жана тааныштарын кеңейтүүнү уланта беришкен.

Бир колуна «Манас», бир колунда Чыңгыз Айтматовдун китеби-Кыргызстандын рухун алып жүргөн маданияттын өкүлдөрүнө айланды. Коомчулукка кошулуп, алар көргөзмөлөргө, түрдүү маданий иш-чараларга активдүү катыша башташты.

Айнурага өзгөчө жакын болгон долбоорлордун бири – төрт жылдан бери иштеп келе жаткан “Акмарал” бий тобу. Бул топ менен алар Сахалинде, атүгүл андан тышкары жерлерде да ар кандай иш-чараларга чакырылып, бий жана музыка аркылуу кыргыз маданиятын даңазалоодо.
Кыргызстандан атайын кыргыз көйнөктөрүн тиктиришкен
"Акмарал" бий тобу көптөгөн иш-чараларга активдүү катышып келишет.
Мукашева бий тобун ачканда өзүнүн кызы менен бирге 3-4 кыргыздардын кыздарын алып чыккан
«Көчмөндү» түзүү жана бизнести өнүктүрүү


Боз үй ачылгандан алты жыл өткөндөн кийин Айнура, «Көчмөндөр» аттуу жаңы ашкана аянтчасын ачууну чечти. Бул аянтчада 10дон ашык корей, вьетнам, армян, япон жана башка ар улуттардын тамактарын табууга мүмкүн болгон уникалдуу жайда, кыргыз даамдары да пайда болду.



Жолдошум менин тирегим

Үй бүлөм жөнүндө айтып кетсем жолдошум Улан Болотбек. Төрт балабыз бар. 2 балам Кыргызстанда. 2 балабыз өзүбүз менен бирге. Этно ресторанды жолдошум экөөбүз алып барабыз. Жолдошум дайыма мени колдойт. Экөөбүздүн ойлорубуз дайыма бир жерден чыгат. Этно ресторанды ачууда мен бир идеяны айтсам, жолдошум бир идеяны айтып, анан уюштуруп калдык. Жолдошум боз үйдүн керегесин, түндүгүн өзү жасады. Жакында эле ресторандын ичине Бурананын макетин жасап анын таарыхы менен келген конокторду тааныштырабыз. Бул этно ресторан даамдуу тамак даярдоочу жай гана эмес маданияттын чок ортосу, кыргыздардын эли-жерин сагынганда келип сагынычын жазып, кыргыз ырларын ырдап эс алуу жайына, ал эми башка улутттун элдерине тарыхы узун, маданиятты бийик кыргыз эли туурауу маалымат алган жерге айланды.


Айнура Мукашева
Жеке ишкер
Ишкерлик кылам деген айымдарга менин кеңешим:

Эң биринчи өзүнө ишенүү. Адам өзүнө-өзү ишенгенде гана күч пайда болот. Көпчүлүк айымдардын өзүн-өзү баалоосу төмөн. Дайыма өзүнүн үстүнөн иштөөсү керек. Мен ушул ишти жасай аламынбы? Менин колумдан келеби деп ойлонуш керек. Качан гана өзүңө ишенгениңде ийгилик келет. Максат коюп ал максатка жеткенде гана, ал айым ийгилик жаратат.

Айнура жана анын үй-бүлөсү муну менен эле токтоп калбайт
Алар кардарлар менен мамилелерди өнүктүрүүнү жана чыңдоону, достук мамилени сактоону жана даамдуу тамактарды берүүнү улантууда. Алардын эмгекчилдиги жана маданий тамырларына берилгендиги аларды Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын баалуу өкүлдөрүнө айландырууда.

Айнура Мукашева жана анын үй-бүлөсү адамдын маданиятына болгон кумарлануу жана максатка жетүүдөгү өжөрлүк аралыктарды жеңип, дүйнөнү жаркын жана маданий жайга айландырарын далилдейт. Алардын окуясы бөтөн тамырларга орун жоктой көрүнгөн алыскы аралда да өздөрүнүн маданий каада-салттарын сактоого жана өткөрүп берүүгө умтулган ар бир адам үчүн шыктануунун булагы.


Айнура Мукашева ресторан ачып эле тим болбостон, Сахалинди Кыргызстандын маданияты менен байланыштырган көпүрөнү да жасаган. Анын ишкердиги, мекенине болгон сүйүүсү жана мурасын бөлүшүү каалоосу Сахалин коомчулугунун маанилүү бөлүгү болуп калды. Бүгүнкү күндө ар бир сахалиндик Мукашевдердин үй-бүлөсүнүн аракетинин аркасында кыргыз маданиятын билет жана баалайт.

Айнура Мукашевадай айымдар кыргыз маданиятын көтөрүп, өзүнүн жеке бизнеси аркылуу бийиктерге башка айымдарды да жетелейт.
Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору

This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website